Биз менен байланышыңыз

Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстандын тарыхындагы ийгиликтүү окуя болду

Кыска кабар , Спорт | 30 Окт 2018 | 822 | 0

Венгриянын борбору Будапешт шаарында өткөн 2018-жылкы күрөш боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстандын тарыхындагы эң ийгиликтүү биринчилик болду.

Бул чемпионатка Кыргызстандан жалпы 11 спортсмен катышып, экөө финалдык блокто күч сынашты. Алардын бирөө Атабек Азисбеков коло үчүн күрөшүп, бирок жеңилгенине байланыштуу жалпы эсепте 5-орунду алды. Ал эми Жоламан Шаршенбеков финалга чейин келип, финалда утулуп, күмүш медалга татыды.

Ошондой эле өз салмактарындагы дүйнөнүн эң мыкты ондугуна Калы Сулайманов, Кайрат Түгөлбаев жана Эламан Догдурбек уулу кире алышты.

Грек-рим жана эркин күрөш боюнча дүйнө биринчилиги 20-28-октябрда Венгрияда болуп өттү.

Copyright © 2017 Maral FM