Биз менен байланышыңыз

Индонезия Австралияга эскертүү берди

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Окт 2018 | 852 | 0

Индонезия бийлиги Австралиянын Израилдеги элчилигин Тель Авивден Иерусалимге жылдыруу ниети боюнча эскертүү берди. Бул тууралуу Al Jazeera жазып чыкты.

Австралиянын мурдагы премьер-министри Малколм Торнбол Индонезиянын Бали аралында президенти Жоко Видодо менен жолугушуп, эки тараптуу эркин соода мамилелери тууралуу сүйлөшкөн. Ал жолугушууда Индонезия лидери Канберранын Израилдеги элчилигин жылдыруусу боюнча катуу көз карашын айтканын жарыялады.

“Индонезия 260 миллион калкы менен бизге жакын жайгашкан маанилүү өнөктөшүбүз. Мусулман дүйнөсүнүн эң чоң өкүлү катары таанылган өлкөнүн кызыкчылыктарына терс кадам таштоо менен өзүбүздүн 40 жылдык саясатыбызды өзгөртүүгө барбообуз шарт. Элчилик Тель Авивде калуусу керек”,-деп билдирди.

Учурдагы Австралия бийлиги буга азырынча элчиликтин орду боюнча акыркы чечим чыга электигин айтып, дагы талкуулар жүрөрүн кошумчалады.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын декабрь айында АКШ президенти Дональд Трамптын талаштуу Иерусалимди Израилдин борбору катары таанып, элчилигин Тель Авивден Иерусалимге жылдыруусу эл аралык аренада катуу сын-пикирлерди жараткан. Американын бул кылыгын Гватемала өлкөсү кайталап, элчилигин көчүргөн. Австралия бийлиги да октябрь айында мындай ниетин ачыктагандан бери бир топ өлкөлөрдүн эскертүүлөрүнө кабылууда.

Copyright © 2017 Maral FM