Биз менен байланышыңыз

Матраимов менен өкмөттүн иши боюнча соттук отурум жылдырылды

Кыска кабар | 30 Окт 2018 | 551 | 0

Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов менен өкмөттүн иши боюнча соттук отурум 19-ноябрга жылдырылды.

Бул тууралуу Жогорку Соттон кабарлашты. Бүгүн, 30-октябрда Бишкек шаардык соту Матраимов менен өкмөттүн иши боюнча маселени карамак.

Ушул жылдын 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган.

Өкмөт райондук сот чыгарган чечимге нааразы болуп, 17-августта шаардык сотко арыз менен  кайрылган.

Ал апрель айында «мени негизсиз жумуштан алды» деп өкмөттү сотко берген жана ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.

Copyright © 2017 Maral FM