Биз менен байланышыңыз

“Реал” башкы машыктыруучусун кызматтан кетирди

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 30 Окт 2018 | 951 | 0

Испаниялык “Реал Мадрид” футболдук клубу “Барселона” командасы менен беттеште катуу жеңилүүгө дуушар болгон соң башкы машыктыруучу Хулен Лопетегини кызматтан бошотту. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.

“Реал” ушуну менен бешинчи жеңишсиз беттешин өткөрдү. “Барселона” мыкты оюнчусу Лионель Мессисиз эле мадриддиктерди 5:1 эсебинде утуп алды. Бирок беттештен кийин журналисттерге берген маегинде Лопетеги отставкага кетпей турганын айткан болчу. 29-октярбрь күнү кеңеш чогулуп, аны кызматтан бошотту. Анын ордуна клубду Сантьяго Солари убактылуу машыктырат.

Кошумчалай кетсек, Хулен Лопетеги “Реалга” келгенине төрт айга жакын гана убакыт болду. Ага чейин Испания курама командасын машыктырып жүрүп, жайында өткөн дүйнөлүк биринчиликтин башталарына бир гана күн калганда өзү билемдик иштери үчүн кызматтан алынган. Бул испан курамасын чемпионатта артка тартып, жакшы оюн көрсөтө алышкан эмес.

Copyright © 2017 Maral FM