Биз менен байланышыңыз

Кен Робинсондун китеби кыргыз тилинде жарык көрдү

Кыска кабар | 29 Окт 2018 | 1168 | 0

Потенциалды өнүктүрүү, чыгармачыл ой жүгүртүү боюнча адис Кен Робинсондун «Баланын жөндөмүн өнүктүргөн креативдүү мектептер» китеби кыргыз тилинде чыкты.

Аталган китеп буга чейин англис тилинен 15 тилге которулган. Ал эми кыргыз тилине Бакытбек Абдуллаев жана Кутманбек Мазарипов тарабынан которулган. Которуу «Кереге» фондунун демилгеси менен ишке ашкан.

Китеп ата-энелерге, мугалимдерге, мектеп директорлоруна, коомдук ишмерлерге жана саясатчыларга арналат. Анда Кен Робинсон өзүнүн тажрыйбалары, байкоолору, мектептердин мыкты үлгүлөрү жана билим берүүнүн жаңычыл ыкмалары менен бөлүшөт.

Ошондой эле, окуучуга мектепти кызыктуу, жагымдуу кылуу менен баланын жөндөмдөрүн өнүктүрүп, мектептен кийинки жашоосуна даяр болуп жетилүүсүнө жол көрсөтөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM