29-октябрь күнү өлкөнүн басымдуу аймагында жаан-чачын болуп, тоолуу райондорунда кар жаайт. Гидрометеорология агенттигинин маалыматына таянсак, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17;
Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15;
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16
Борбор калаада 29-октярбда түнкүсүн жамгыр жаап, күндүзү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын табы түнкүсүн 6…8, күндүз 15… 17 градуска жетет.