Биз менен байланышыңыз

Мүлк фонду каражаттын 63 пайызын маянага короткон

Кыска кабар | 28 Окт 2018 | 714 | 0

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 2019-жылдын он айында 9 млн 753 миң 500 сомду, тагыраагы, каражаттын 63 пайызын маянага короткон. Бул тууралуу “Ачык бюджет” порталында жазылган.

Жалпысынан мекеме кызматкерлерге 18 млн 246 миң 900 сом иштеткен. Бул каражаттын 9 млн 753 миң 500 сом маянага, үстөк төлөмгө 2 млн 703 530 сом, ал эми кошумча төлөм жана компенсацияга 5 млн 789 870 сом кеткен.

Социалдык фондго төлөмдөр 2 млн 620 миң 500 сомду түзгөн. Ал эми иш сапарларына болсо 1 млн 946 миң 850 сом сарпталган.

 

Copyright © 2017 Maral FM