Биз менен байланышыңыз

«Мүлк фонду улутташтырылган пансионаттарга инвентаризация жүргүзгөн эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Окт 2019 | 475 | 0

Мүлк фонду бүгүнкү күнгө чейин Өзбекстандан өткөрүлгөн пансионаттарга инвентаризация жүргүзгөн эмес. Эс алуу жайлардын расмий баланска өткөрүлбөгөнү мыйзам бузуу болуп саналат. Анткени, бардык каражат көмүскөдө калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искандер Гаипкулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Мүлк фонду ар бир пансионатты өзүнө филиал кылып алган. Мекемелердин өз алдынча иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берилген эмес.

«Айталы, «Алтын Кум» пансионатынын балансында эле араң 94 миң 300 сом турат. Башкача айтканда, өзбек тараптан мүлктөр өткөрүлгөндүгү боюнча эсепке алуу жүргүзүлгөн эмес. Пансионаттар мамлекетке пайда алып келбей жатканын байкадык», — дейт Гаипкулов.

Эске салсак, 2016-жылы Ысык-Көлдө 4 пансионат улутташтырылган. Алар эффективдүү иштебей жатканы боюнча көп арыз түшкөндүктөн Жогоку Кеңештин тийиштүү комитети жерине барып, көчмө жыйын өткөргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM