Биз менен байланышыңыз

«Өзбекстандын пансионаттарды кайтарып алуусуна эч кандай негиз жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Окт 2019 | 474 | 0

Өзбекстандын Ысык-Көлдө улутташтырылган пансионаттарды сот аркылуу кайтарып алуусуна эч кандай шарт жок. Анткени, 1990-жылы СССР кулаган кездеги токтомго ылайык, мүлк башка өлкөгө тиешелүү экенине карабастан, ал жайгашкан мамлекетке өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искандер Гаипкулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Эсептөө палатасы жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, 2018-жылы улутташтырылган пансионаттардан мамлекетке 5 млн сом дивиденд төлөнгөн.

«Бул — өтө аз. Анткени, пансионаттардан сырткары да бир канча конок үйлөрү бар. 5 млн сом кичинекей пансионат төлөй турган дивидент. «Алтын Кумдагы» карусель 60-70 миң сомго ижарага берилип келген. Күнүнө 1800дөн ашуун адам каруселге келсе, жок дегенде 180 мин сом пайда түшөт. Жетекчилер кайдыгер мамиле кылып, мамлекетке түшө турган акчаларды толук алган эмес», — дейт Гайипкулов.

Э өкүлү мындан сырткары Мүлк фондунун кадр саясатындагы башаламандыктан улам мамлекетке бир топ зыян келтирилгенин белгиледи.

«Аврора» пансионатын чыгымга учураткан жетекчи «Диларам» эс алуу жайына келип, мекемени 5 млн сомдой зыянга учураткан. Бул жерде Мүлк фондунун мурдагы жетекчиси керт башы менен жооп бериши керек. Жергиликтүү бийлик менен макулдашпай туруп, жетекчилерди дайындаган. Башкача айтканда, жергиликтүү бийлик Мүлк фондунун ишине аралаша алган эмес. Бул жерде өкмөттүн да күнөөсү бар», — дейт депутат.

Гаипкулов улутташтырылган пансионттар ишенимдүү башкарууга берилгенде гана жыйынтык болорун кошумчалады.

“Өзбекстан пансионаттар боюнча Кыргызстанды Арбитраждык сотко берген”

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM