Биз менен байланышыңыз

Москвадагы эл аралык турнирде Дастан Шаршеев  чемпион болду

Кыска кабар | 28 Окт 2018 | 856 | 0

Кыргызстандык Дастан Шаршеев Эл аралык  аралаш күрөш өнөрү (ММА) таймашында жеңишке жетишти. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары маалымдашты.

Москвада өткөн Aikol FC 6 «Элдер достугу кубогу» турниринде Дастан Шаршеев финалдык беттеште өзбекстандык Ровшан Ситмуратов менен күч сынашып, жеңишке жетишти. Атаандашы 1-раунддан кийин таймашты улантуудан баш тарткан.

Белгилей кетсек, бул Шаршеевдин ММА эл аралык аралаш күрөш өнөрүндөгү үчүнчү жеңиши болуп саналат. Ал соңку 4 жылда спорттун бул түрү боюнча такыр күч сынашкан эмес.

Кошумчалай кетсек, Шаршеев тай боксу боюнча Азия жана Евразия чемпиону, «Элдер достугу кубогу» турниринин жана Russian Challenge «Grand Prix Moscow» эл аралык турнирдин эки жолку жеңүүчүсү болгон.

Copyright © 2017 Maral FM