Биз менен байланышыңыз

ЖОЖдун мугалимдери квалификациясын акысыз жогорулата алышат

Кыска кабар | 26 Окт 2018 | 621 | 0

Жогорку окуу жайдын мугалимдери Казакстанга барып, квалификациясын акысыз жогорулатып келе алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын университет мугалимдери Назарбаев университетинин Жогорку билим берүү мектебинде квалификациясын акысыз жогорулата алышат. Мындай келишим аталган Жогорку мектептин деканы Аида Сагинтаева менен Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобековдун жолугушуусунда түзүлдү.

Ошондой эле, магистратура жана докторантура программаларында билим алууну каалагандарга стипендия берилет.

Copyright © 2017 Maral FM