Биз менен байланышыңыз

Лос-Анжелесте Азия кинофестивалы өтүп жатат

Кыска кабар | 26 Окт 2018 | 798 | 0

Лос-Анжелесте болуп жаткан Эл аралык Азия кинофестивалынын (Asian World Film Festival) ачылышына белгилүү жылдыздар катышты. Бул тууралуу “Айтыш” коомдук фондунун маалымат кызматы билдирди.

Анда “Жакыр аймактан чыккан миллионер” фильминде ойногон Фрида Пинто,  “300 спарталыктар” фильмине катышкан Питер Менса болду. Кинофестиваль “Соняны сүй” фильми менен башталды.

Белгилей кетсек, аталган кинофестиваль кинорежиссёр, сценарист, продюсер, коомдук ишмер Садык Шер-Нияз тарабынан 2015-жылы негизделген. Иш-чара 24-октябрда башталган, 1-ноябрга чейин уланат. Анда Азия өлкөлөрүнүн мыкты, басымдуу бөлүгү Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөн фильмдер коюлат.

Бул иш-чара аркылууАзиянын аймагындагы киноматографиянын жогорку деңгээлине коомчулуктун көңүлүн буруп, азиаттык жана голливуддук киноиндустриянын ортосундагы байланышты бекемдөө максат кылынат.

Copyright © 2017 Maral FM