Биз менен байланышыңыз

Жасалма интеллект тарткан сүрөт 432 миң долларга сатылды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Окт 2018 | 1282 | 0

Нью-Йорк шаарында биринчи жолу жасалма интеллект тарткан сүрөт аукционго коюлуп, 432 миң долларга сатылды. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.

“Эдмонд Бедаманын портрети” деп аталган сүрөт париждик Obvious коллективи тарабынан көзөмөлдөнүп, компьютер XIV_XX кылымдардагы картиналарга салыштырып тарткан. Уюштуруучулар бул жакынкы келечекте жасалма интеллект искусство жаатында чыгармалардын базарына чоң таасирин тийгизерин айтышууда.

Аукционго коюлган  сүрөттүн баштапкы наркы 7-10 миң доллар болсо, сатылган баасы 432 миң долларды чапчыды.

Copyright © 2017 Maral FM