Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк коммерциялык банктар үчүн кредиттик аукциондорду өткөрөт

Кыска кабар | 17 мая 2020 | 896 | 0

Улуттук банк коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары үчүн кредиттик аукциондорду өткөрүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланды.

 COVID-19 вирусунун жайылышынан улам экономикада пайда болгон терс кесепеттерди жеңилдетүү, ошондой эле экономиканын реалдуу секторун колдоо максатында, Улуттук банк: 

· 21-майда коммерциялык банктар үчүн ишкер субъектилеринин ишин кредиттөөгө, анын ичинде жүгүртүү капиталын каражаттар менен камсыз кылууга багытталган, жалпы өлчөмү 1,0 млрд сом суммасында кредиттик ресурстарды; 

· 28-майда банк эмес финансы-кредит уюмдары үчүн коронавирустун жайылышынан улам пайда болгон терс кесепеттерди жеңилдетүү үчүн республиканын региондорун каржылоого жана колдоого багытталган, жалпы өлчөмү 1,0 млрд сом суммасында кредиттик ресурстарды сунуштоо менен кредиттик аукциондорду өткөрүүнү пландаштырат. 

Кредиттик аукциондорду өткөрүүнүн шарттары Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин тиешелүүлүгүнө жараша ушул жылдын 18-майында жана 25-майында өткөрүү белгиленген отурумдарынын жыйынтыгы боюнча аныкталат. 

Copyright © 2017 Maral FM