Биз менен байланышыңыз

Элчилик: Орусияда мыйзамсыз жүргөндөр тоскоолдуксуз кирип чыга алышат

Кыска кабар | 26 Окт 2018 | 685 | 0

Орусияда мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктар 16-октябрдан 10-декабрга чейин тоскоолдуксуз кирип чыга алышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Миграциялык мыйзамды сактабай Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн жарандарга 10-декабрга чейин өлкөдөн тоскоолдуксуз чыгып, кайра келүүгө шарт түзүлдү.

Бул маалымат менен элчиликтин Красноярскдагы өкүлчүлүгү кыргыз мигранттарын кабардар кылды. Анда президенттер тарабынан түзүлгөн эки тараптуу келишимдер боюнча да маалыматтар берилди.

Ошондой эле, элчилик активисттерден бул боюнча маалыматты социалдык тармактар жана маалымат каражаттары аркылуу жарандарга жеткирүүнү суранды.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM