Биз менен байланышыңыз

Бизнес акыйкатчы институту боюнча токтом планы коомдук талкууга чыкты

Кыска кабар | 25 Окт 2018 | 683 | 0

Өкмөт бизнес акыйкатчы институту боюнча токтомдун планын иштеп чыгып, коомдук талкууга койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Институт ишкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону көздөйт. Ошондой эле мамлекеттик мекемелердин ачык-айкын иш алып барышын  шарттап, коррупциянын алдын алууга салым кошот.

Белгилей кетсек, бизнес акыйкатчы институтунда катчылык жана көзөмөл кеңеши күтүлөт.

Учурда бир канча мамлекетте финансы акыйкатчы, салык акыйкатчы жана бизнес акыйкатчы институттары иш алып барып келет.

Copyright © 2017 Maral FM