Биз менен байланышыңыз

Асанов: ИИМдин кызматкерлери кылмыш ишин аз козгогону үчүн иштен алынбайт

Кыска кабар | 24 Окт 2018 | 629 | 0

Ички иштер министрлигинин оперативдик кызматкерлер кылмыш ишин козгоодо планды толтурбаса жумуштан алынбайт. Бул тууралуу министрдин орун басары Курсан Асанов парламент жыйынында айтты.

Депутат Кожобек Рыспаев оперативдик кызматкерлер кылмыш ишин ачуу боюнча планды аткарбаса кызматтан алынары айтылып жүргөнүн, ошондой талаптын бар-жогуна кызыкты.

Ага Курсан Асанов: «2015-жылы реформа болуп, токтомго өзгөртүүлөр киргизилген. Анда баалоонун критериялары өзгөртүлүп, азыркы учурда процентомания жок»,- деп билдирди.

Анын белгилешинче, кызматкерге айына белгилүү сандагы кылмыш ишин козгоо боюнча план коюлган эмес. Эгерде мындай фактылар орун алып жатса, тиешелүү адамдардын жоопкерчилигин карап чыгууга даярбыз деп кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM