Биз менен байланышыңыз

Депутат бизнес-акыйкатчы кызматын киргизүүнү сунуштады

Кыска кабар | 24 Окт 2018 | 698 | 0

Депутат Айтмамат Назаров бизнес-акыйкатчы кызматын киргизүүнү парламенттин жыйынында сунуштады.

Анын айтымында, ишкердик менен мамлекеттик бийликтин ортосунда көп талаш маселелер жаралат. Мындан улам Акыйкатчы институтунда жеке ишкерлердин да кызыкчылыгын коргой турган бизнес-акыйкатчы адиси керек.

Депутат арбитраждык соттун иштебей, ал эми бизнес коомчулуктар өздөрү укуктарын коргой албай жаткандыгын белгиледи.

Акыйкатчы Токон Мамытов сунушка карата Конституцияда бизнес-акыйкатчы деген кызмат жок экенин айтты. Жеке ишкерлерге да укуктук жардам көрсөтүү үчүн тиешелүү документтерди иштеп чыгуу керектигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM