Биз менен байланышыңыз

Былтыр Акыйкатчыга 12 миңден ашык адам кайрылган

Кыска кабар | 24 Окт 2018 | 622 | 0

Акыйкатчынын борбордук аппаратына жана облустагы өкүлчүлүктөрүнө 12 881 адам кайрылгадыгын акыйкатчы Токон Мамытов Жогорку Кенештин жыйынында айтты. Анын ичинде коомдук кабылдама аркылуу оозеки юридикалык кеп-кеӊеш алгандар – 6 миңдей, жазуу түрүндөгү кайрылуу арыздары – 3 миң жаран жиберген. Ошондой эле, “115 кызуу линиясы” кызматына 3 миң телефон чалуу жана 4 миң билдирүү түшкөн.

Мындан тышкары, 2017-жылы Акыйкатчы Евразия омбудсмендеринин альянсын түзүү демилгесин көтөргөн. Ал колдоого алынып, ошол жылдын 5-декабрында тиешелүү меморандумга кол коюлган.

Белгилей кетсек, Акыйкатчынын аппараты Жогорку Кеӊеш, өкмөт, президент жана башка мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта иштейт. Ошону менен бирге бейөкмөт жана эл аралык уюмдар менен кызматташып келет.

Copyright © 2017 Maral FM