Биз менен байланышыңыз

Кочкор: 10-класста бир гана окуучу билим алат

Кыска кабар | 23 Окт 2018 | 1037 | 0

Кочкор районунун Ак-Талаа айылындагы А.Абдыкеримов атындагы орто мектептин 10-классында бир гана окуучу окуйт. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар маалымдады.

Алардын айтымында, окуучу бала 9-класстан соң Бишкектеги коллеждерге тапшырууну каалап, өтпөй калган соң кийинки жылы аракет кылууну пландап кайтып келген. Учурда мектептеги онго жакын  мугалим жалгыз гана бала үчүн сабак өтүп келишет.

Бул боюнча Кочкор районунун билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Улан Озубеков мектеп директорунун айткандарына таянып, окуу жылынын башында 3 окуучу болгонун, кийинчерээк бирөө мектептен кетип, экинчиси болсо сабакты көп калтырарын айткан.

Ошондой эле, аймакка жакын мектептин аралыгы 8 чакырым болгондуктан жалгыз окуучуну ал жакка которуу да мүмкүн эместигин кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM