Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык балбандар дүйнө биринчилигинен куру кол кайтышты

Кыска кабар , Спорт | 23 Окт 2018 | 798 | 0

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча командасы Будапештте өтүп жаткан биринчиликтен байгесиз кайтышты. Аталган биринчиликте Кыргызстандын спортчулары эки салмак категориясында катышышкан.

Догдурбек уулу Эламан жана Улукбек Жолдошбеков жарым финалга жетпей калышты. Жолдошбеков жалпы упай боюнча 23 спортчунун арасынан 17-орунду алса, Догдурбек уулу чейрек финалга чейин жарышкан. Ал чейрек финалда украиналык балбанга утулуп, медалдан куру калды.

Булардан сырткары Магомед Мусаев да катышууга укук алган болчу, бирок виза маселесинен улам барбай калды.

Кошумчалай кетсек, эркин күрөш боюнча дүйнө биринчилиги Венгриянын борбору Будапешт шаарында өтүп жатат. Анда он медалдык комплект ойнотулууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM