Биз менен байланышыңыз

Бекназаров: Атамбаев кечирим суроого мажбур болушу керек

Пикирлер | 22 Окт 2018 | 722 | 0

Икрамжан Илмияновдун, Сапар Исаков жана башкалар экс-президент Алмазбек Атамбаев үчүн курмандыкка чабылып жатат. Мындай пикирин саясатчы Азимбек Бекназаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Ошондуктан Атамбаев буларды узарта бербей эгер жигит болсо, элге кайрылуу менен чыгып, кемчиликтери үчүн кечирип сурап, кылмышы болсо мойнуна алышы керек,-дейт.

Анын айтымында, эртеби-кечпи Атамбаевдин баары бир эл алдында кечирим сурашына туура келет.

«Ал кечирим суроого мажбур болушу керек. Себеби канча киши камакта отурат. Жок дегенде, ошолордун үй-бүлөсүн, туугандарын эстеши зарыл», — дейт Бекназаров.

Ал буга кошумча, Атамбаев иш жүзүндө Икрамжан Илмиянов, катчылары, жан сакчылары менен мамлекетти башкарып келгенин да сынга алды.

Белгилей кетсек, Икрамжан Илмиянов Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча айыпталууда. Ал 20-октябрга караган түнү Москвада кармалып, Бишкекке алынып келинген. 20-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен 28-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Copyright © 2017 Maral FM