Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин жан сакчылары кыскартылды

Кыска кабар | 22 Окт 2018 | 875 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчылары кыскартылганы айтылууда. Бул тууралуу маалыматты КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева “Маралга” тастыктады.

Ал Атамбаевдин канча жансакчысы эмне себептен кыскартылганы боюнча маалыматы жоктугун айтты.

Белгилей кетсек, Атамбаевдин 6 жансакчысы кыскартылып, экөө гана калганы тууралуу маалымат Твиттерге тараган.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети расмий комментарий бере элек.

Copyright © 2017 Maral FM