Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Астанада өтүп жаткан конференцияга катышууда

Кыска кабар | 20 Окт 2018 | 632 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров жана депутат Акылбек Жамангулов 19-20-октябрь күндөрү Астана шаарында өтүп жаткан “Жаштарга инвестиция. Эч кимди көңүл сыртында калтырбайбыз” аталышындагы конференцияга катышууда.

Конференциянын максаты саясий, мыйзам чыгаруу жана жаштар маселеси боюнча программалар чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу менен жаштардын келечегине терс таасир берүүчү тоскоолдуктарды талкуулоо, аларды жоюу үчүн керектүү эффективдүү чаралар жана механизмдер менен таанышуу.

Пленардык жыйында  Мирлан Бакиров жаш муунду келечек ээси катары эле салттуу көз карашта кароо жетишсиз экенин кошумчалады. “Жаштарды жигердүү коомдук күч жана өлкөнү өнүктүрүүдөгү кубаттуу ресурс катары кароо кажет. Анткени жаштар коомдун жана мамлекеттин өнүгүшү үчүн жоопкерчилик алып, элдин тарыхы менен маданияттын улантуу аркылуу калктын маданий-тарыхый калыптанышын шарттайт”, – деди Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары.

Ошондой эле конференциянын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту. Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу, Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы эки тараптуу байланыштарды чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Эске сала кетсек “Жаштарга инвестиция. Эч кимди көңүл сыртында калтырбайбыз” аталышындагы эл аралык конференцияга 36 мамлекеттен 200гө жакын делегация катышууда. Алардын ичинде депутаттар, эксперттер, эл аралык жана жаштардын өкмөттүк эмес уюмдарынын өкүлдөрү, илимпоздор менен өкмөт мүчөлөрү бар.

Copyright © 2017 Maral FM