Биз менен байланышыңыз

А.Мамбеталиева: Дагы мыйзамсыз аракетти көрсөм, аны да айтам

Коом | 18 Окт 2018 | 1121 | 0

Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын мурдагы басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева 19-октябрда кайрадан кызматына кайтат. Ал учурда мурдагы жумушуна чыгууга психологиялык жактан да даяр экенин билдирип, мындан ары да коррупция менен күрөш тармагында колунан келген кызматын аябай турганын билдирди.

-Анара айым, мындай процесстерден кийин өзүңүздү кандай сезип жатасыз?

-Чоң рахмат. «Жеңиш» дегенди ар ким ар кандай түшүнүшү мүмкүн. Мен үчүн жеңиш акыйкат ачыкталды, чындык чыкты. Мен ишенген үчүн мындай иштер көмүскөдө калбаш керек деп чыкканмын. Буйруса, эртең 19-октябрда жумушка чыкканга даярданып жатам. Буга чейин мен кандай иштеп келсем, мындан ары да ишимди улантууга, керек болсо мындан да жакшы иштегенге аракет кылам.

-Канткен учурда да жумуштагы маанай мурдагыдай болбошу мүмкүн. Сиз психологиялык жактан даярсызбы?

-Мага азыр көпчүлүктүн суроосу ушул болуп жатат. «Кайра барсаң, психологиялык басым болгонунан коркпойсуңбу?»-деп жатышат. Бирок мен эч качан тартынбайм, коркпойм. Кандай мамиле болорун убакыт көрсөтөт. Мен бул окуя баарыбызга чоң сабак болду деп ойлойм. Тескерисинче, мыйзамсыз иштерди аткарып жаткан айрым ысымдарды ачык айтканым терс көрүнүштөргө бөгөт койду го деген үмүт менен кетип жатам. Мындан кийин көпчүлүк мыйзамсыз иштерге барбайт го деген оюм бар.

-Бул окуядан кийин сиз кандай сабак алдыңыз?

-Мен бул маселени алып чыккандыгыма эч качан өкүнгөн жокмун. Мындан ары да мыйзамсыз иштерге күбө боло турган болсом, аларды ачык айтып чыкканга даярмын. Мурда кандай иштесем ошондой улантам.

Ишиңизге ийгилик!

Анара Мамбеталиева мурдагы кызматына кайтат

Copyright © 2017 Maral FM