Биз менен байланышыңыз

Мадумаров: Акыркы демим чыкканча элден корком

Пикирлер | 17 Окт 2018 | 790 | 0

Адахан Мадумаров «Марал» радиосуна берген маегинде акыркы демим чыкканча элден коркорун айтты.

Анын айтымында, айрымдар чүчкүрүп койгон болсо дагы кепке калат.

«Бакиевдерден бир калем, мамлекеттен бир кыш албаган мендейлерди кошуп салыштырышат. Тилекке каршы, Кыргызстанды бөлүп жеп алгандар сүйкүмдүү көрүнөт. Азыр коом акындарды, мыкты поезия жазгандарды эмес ууруларды кыйын дейт. Бул заман да өтөт», — дейт Мадумаров.

Саясатчы буга кошумча, кыргыз бийлигинде китеп окубагандардын заманы келип калганын белгиледи.

«Ийилген башты кылыч чаппайт» дейт. Бирок бүгүнкү күндө кыргыз философиясын тескери колдонгондор бар. Азыр кылыч керкейип жүргөн баштарды чаппай, илийгендерди жыгыта чаап жатат», — дейт саясатчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM