Биз менен байланышыңыз

Мадумаров: Атамбаевдин парламентке келүү мүмкүнчүлүгү жокко эсе

Пикирлер | 17 Окт 2018 | 709 | 0

«Бизде бийликте турбаган соң шайлоо жолу менен парламентке келип алам»-деген сөз — жомок. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин парламентке келүү мүмкүнчүлүгү жокко эсе. Себеби БШК алмашат, катуу кызмат көрсөткөндөр кетет.» Мындай пикирин Адахан Мадумаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев эки шайлоодо да жеңишти кандай жол менен камсыз кылганын жакшы билет. Ошондуктан БШКнын айрым өкүлдөрүнө орден тагып, ыраазычылык билдирип келе жатат.

«Мен Атамбаевге душман эмесмин. Бирок ачык айтсам КСДП ушунча пайыз добуш алды дегендин баары жалган. Президенттин жеңип келгени да күмөн жаратат. Атамбаевдин тарыхта калып калсам деген ою бар. Ошондуктан эртеби-кечпи, ал шайлоо кандай өткөнү боюнча ачык аныктамасын айтат деген үмүтүм бар», — дейт Мадумаров.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM