Биз менен байланышыңыз

Жаңы дайындалган аймактык судьялар ант беришти

Кыска кабар | 17 Окт 2018 | 754 | 0

Бүгүн, 17-октябрда жаңы дайындалган судьялардын ант берүү аземи болду. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарада Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева судьяларды кызматы менен куттуктап, анттарына бек турууга чакырды.

Жарлыкка ылайык,  судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр дайындалган:

Чуй облустук сотуна — Адилет Эркебаев;

Ош шаардык сотуна — Гулзат Абсатарова;

Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна — Нурлан Баймуратов;

Ош облусунун Өзгөн райондук сотуна — Алмаз Мамашов;

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотуна — Марат Акбердиев;

Нарын облустук сотуна — Алтынбек Бердибеков;

Баткен облусунун Кадамжай райондук сотуна — Гайратбек Абдисаматов;

Баткен облусунун Баткен райондук сотуна — Индира Турдумамбетова.

 

Copyright © 2017 Maral FM