Биз менен байланышыңыз

Мадумаров: Менин алдымда туруу өтө оор

Пикирлер | 17 Окт 2018 | 618 | 0

Саясатчы Адахан Мадумаров өлкөдө өзүндөй ачык сын-пикир айткан саясатчы жокко эсе деп эсептейт. Социалдык тармактагы баракчалары аркылуу коомдогу окуяларга пикирин айтып келерин «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Менин алдымда туруу өтө оор. Күйүп кетишет. Себеби «Мадумаровго кошулсаңар көргүлүктү көрөсүңөр» дегенде, баары качып кетишет. Жагдайга жараша өзгөрүп тургандар менин жанымда кандай турсун? Мындай көрүнүш кыргыз саясатында катуу өрчүгөн. Башкалар Кыргызстан туруксуздук боюнча биринчи орунда экенин айтышат. Бул ачуу болсо да чындык», — дейт Мадумаров.

Мадумаров экс-президент Роза Отунбаева «Бүтүн Кыргызстан» партиясы шайлоодон өткөн жеринен парламентке киргизбей койгонун, кийин Отунбаева өзү бул аракетин моюнга алганын белгилейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM