Биз менен байланышыңыз

Президент: Биз жеңишке умтулган спортчуларды дайыма колдойбуз!

Кыска кабар , Сүрөт | 17 Окт 2018 | 1267 | 0

Бүгүн, 17-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков XVIII Азия оюндарында жеңишке жетишкен спортчуларга жана машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды жана акчалай сертификаттарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Анда мамлекет башчы «Мекенибиздин 20 спорт чебери байгелүү орундарды жеңип алып, мамлекетибиздин  желеги эл аралык аренада желбиреди. Кыргызстандык спортчулар өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу 3 алтын, 5 күмүш, 12 коло медалын жеңип алып, өлкөбүздүн кадыр-баркын бийик көтөрдү”,-деди.

Ошондой эле эң жаш спортчу 19 жаштагы Акжол Махмудовго токтолуп, кыргызстандыктар  андан алдыдагы  олимпиадалык оюндарда  жеңишке жетет  деп ишеним артып жатканын баса белгиледи.

Алардын  45 өлкөдөн келген күчтүү атаандаштар менен таймашта 3 алтын, 5 күмүш жана 12 коло медаль алууга жетишкенин айтып куттуктады. Ошондой эле, алардын жеңиши менен менен бүтүндөй Кыргызстан сыймыктанарын белгилеп, спортчу, машыктыруучу жана дарыгерлерге ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын алкагында “Даңк” медалы,  “КРнын эмгек сиңирген дарыгери”, “КРнын дене тарбия жана спортунун эмгек сиңирген кызматкери”наамдары жана Ардак грамоталар тапшырылды.

Аны менен катар 125 миң сомдон тартып 2 млн сомго чейинки акчалай сыйлыктар берилди.

Бир катар спортчулар «Даңк» медалы, «Ардак» грамотасы менен сыйланышты (тизме)

Copyright © 2017 Maral FM