Биз менен байланышыңыз

Бир катар спортчулар «Даңк» медалы, «Ардак» грамотасы менен сыйланышты (тизме)

Кыска кабар | 17 Окт 2018 | 1109 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында жеңишке жеткен спортчуларды жана машыктыруучуларды «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Ага ылайык, спортчулар жана спортко салымын кошкон кызматкерлер «Даңк» медалы жана «Ардак» грамоталары менен сыйланышты.

«Даңк» медалы менен сыйлангандардын тизмеси:

  • Төрөкан Багынбай уулу — жиу-житсу боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөсү;
  • Дарья Маслова — жеңил атлетика боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөсү;
  • Каныбек Жолчубеков — грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөсү;
  • Айсулуу Тыныбекова — кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөсү;
  • Магомед Мусаев — эркин күрөш боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөсү;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен төмөндөгүлөр сыйланды:

  • Татьяна Борисова — Сатымкул Жуманазаров атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин жеңил атлетика боюнча машыктыруучусу;
  • Данияр Жусубалиев — бокс боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу;
  • Константин Еремич — Бишкек шаарынын Медициналык-консультативдик кызмат көрсөтүү жана спорттук медицина борборунун улук массажисти;
  • Акжол Махмудов — грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөсү;
  • Сатыбек Чокаев — жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу;
  • Жоомарт Шамканов — спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору;
  • Азат Эркимбаев — грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу.

 

«Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкери» ардактуу наамы менен төмөндөгүлөр сыйланды:

  • Канатбек Арпачиев — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
  • Мейрамбек Ахметов — Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайынын грек-рим күрөшү боюнча окутуучу-машыктыруучусу;
  • Токтосун Камчыбеков — Ош облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы;
  • Нурбек Изабеков — кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу;
  • Ратбек Мамбетов — Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайынын грек-рим күрөшү боюнча окутуучу-машыктыруучусу;

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» ардактуу наамы менен Бишкек шаарынын Медициналык-консультативдик кызмат көрсөтүү жана спорттук медицина борборунун спорттук медицина бөлүмүнүн функционалдык диагностика врачы Бактыкуль Алишева сыйланды.

Copyright © 2017 Maral FM