Биз менен байланышыңыз

Канада марихуананы мыйзамдаштырат

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Окт 2018 | 937 | 0

Психоактивдүү баңгизаттын түрү болгон марихуананы (каннабис) колдонуу Канадада тыйылбайт. Өлкөнүн парламенти бул бангизатты мыйзамдаштырды. Бул тууралуу өлкөнүн парламентинин маалымат кызматы билдирди.

Мындан ары канадалыктар бул бангизат түрүн кенен колдоно алышат. Ансыз деле каннабис Канадада өзгөчө жаштар арасында көп колдонулган зат болуп келген. Ага өлкөдө жылына 4,6 милиард АКШ доллар коротулат. Бул киши башына 1200 доллардан туура келет.

Бул кабар канадалык жаштарды кубантканы менен улуулардын нааразылыгын жаратты. Жаштар биротоло тарбиядан чыгат деп кооптонушууда. Ошондой эле турак жайларды ижарага берүүчүлөр да нааразылык билдирип чыгышты. Үйлөрдү ижарага алгандардын басымдуу бөлүгү студент жаштар болгон үчүн алардын бангизатты каалагандай колдонуусу кыймылсыз мүлктү зыянга учуратат. Бул боюнча соттоого да мүмкүн болбой калат.

Ошондой эле коңшу АКШнын бийлиги да Канаданын бул кадамын сындап, каршылыгын билдирди. Эгерде Канада тарап марихуананы колдонууну декриминализацияласа, эки өлкөнүн ортосундагы соода мамилелери кыскарууга жана тоскоолдуктарга учурай турганын эскертишти.

Кошумчалай кетсек, марихуананы колдонууну мыйзамдаштырган биринчи өлкө-Уругвай. Кийин Португалия менен Нидерланды дагы тыюуну алып салган. Бирок башка мамлекеттерде тыюу салынган.

Copyright © 2017 Maral FM