Биз менен байланышыңыз

Украинада кулаган учакта америкалык пилот каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Окт 2018 | 709 | 0

Украинанын Ванницкая облусунда аскердик машыгуу учурунда Су-27 аскердик учагы кулап түшкөн. Ичиндеги эки пилот кырсык болгон жерде набыт болушкан. Бул тууралуу Би-Би-Синин орус кызматы Украинанын аскердик прокуратурасынын маалымат кызматынын билдирүүсүнө таянып жазып чыкты.

Уланив айылына кулаган учактан эки жансыз дене табылганын кабарлашкан. Алардын бирөө украиналык аскер кызматкери болсо, экинчиси АКШнын Улуттук гвардиясынын аба күчтөрүнүн кызматкери экени маалым болгон. Учурда кырсыкты иликтөө иштери уланып, бул боюнча “Авиациялык эрежелерди бузуу” беренеси боюнча иш козголду.

Кошумчалай кетсек, аталган окуя НАТОго мүчө өлкөлөрдүн аскерлеринин дагы катышуусу менен 8-октябрда башталган “Ачык асман-2018” авиациялык машыгууларынын алкагында катталган. Аталган машыгууга украин аскер күчтөрүнөн сырткары АКШ, Нидерланды, Бельгия, Эстония, Польша сыяктуу өлкөлөр да катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM