Биз менен байланышыңыз

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине кандай кадр келиш керек?

Коом | 16 Окт 2018 | 1079 | 0

Бүгүнкү күндө Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин, анын орун басарларынын орду бош. Азырынча аталган кызмат орундарына талапкер көрсөтүлө элек. Ал ортодо коомчулук айрым бир инсандардын аттарын атап, министрликке сунуштап жатышат. Эксперттер болсо бул мекемеге жетекчиликти кылдаттык менен дайындоосун эскертүүдө.

Бир жума мурда коомчулукта “саякатчы” аталып Эмгек жана социалдык өнүгүү министри, аны менен кошо орун басарлары кызмат ордунан бошотулушту. Андан бери аталган кызмат орундары бош турат. Ал эми квота бөлүнгөн фракциялар талапкер сунуштоо боюнча бир пикирге келише элек. Кыргызстан фракциясынан депутат Алмазбек Эргешов азырынча талапкер көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтып, эгерде өкмөт тараптан татыктуу талапкер сунуштала турган болсо, депутаттар колдоого даяр экенин айтты.

-Кеңешүүлөр жүрүп жатат. Азырынча так талапкер көрсөтө элекпиз. Өкмөт менен да кеңешип жатабыз. Эгерде өкмөт татыктуу талапкерди көрсөтсө эмнеге колдобош керек? Албетте, колдойбуз. Сөзсүз түрдө биз көрсөтөбүз деген нерсе жок азырынча.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигиндеги жетекчилердин кызмат ордунан кыянаттык менен пайдалануусун депутат Аида Касымалиева көтөрүп чыккан. “Коомчулуктун жашоосун жакшыртууда негизги роль ойногон министрликтин мамлекет тарабынан да эң соңунда көңүл бөлүнгөн министрлик катары кабыл алынышы өкүнүчтүү”,- дейт депутат. Алар кеткенден кийин ким жана кандай кадр келет деген суроону койгон.

Бул министрликтин иши өтө оор. Бул эксперименталдык полигон эмес. Партиялардын квотасынын курмандыгы болбош керек. Биз чарчадык. Эки жылдан бери көтөрүлүп келе жаткан көйгөйлөр качан чечилет мен аны билбейм.

Ал арада бул багытта иштеген адистер, эскперттер өз ойлорун айтып, жадагалса социалдык түйүндөрдө талапкер сунуштагандар да жок эмес. “Babushka adoption” коомдук бирикмесинин жетекчиси Айдай Кадырова кадрды сунуштоодо элге жакын болгон талапкерди кароосун суранат. “Анткени Кыргызстанда эл экиге бөлүнүп, муктаж болгон эл менен иштеген жетекчи алардын жашоосун түшүнөт дегенден алысмын”,- дейт.

Бизде коом экиге бөлүнүп калган. Жетекчилер ошол аярлуу катмардын жашоосун жакындан билбейт деп ойлойм. Билсе да гезиттен окуйт же телеканалдардан көрөт. Ошондуктан бул тармакка коомго жакын болгон адис керек. Ал элди жакындан билиши зарыл.

Ошондуктан, депутат Карамат Орозова бул кызматка карапайым элден, кыйынчылыкты билген бирөө сунушталса деген оюн айтат. Антпесе буга чейин отчёттордо муктаж үй-бүлөлөргө бериле турган каражатты үнөмдөгөнүн айткан кадрлар бар болчу дейт депутат. Мындан улам бул министрликке чыныгы муктаждыкты билген, элдин көйгөйү менен жакындан тааныш болгон адис керек дейт. Сөзсүз түрдө квотага жараша бирөө келиш керек дегенден алысмын деди депутат.

Чынына келгенде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоосун жакындан билген киши келиш керек. Керек болсо нандын  кайдан келгенин, кыйынчылыкты билген, карапайым элден чыккан киши келсе жакшы болмок деп ойлойм.

Ал арада отставкасы ызы-чуу менен коштолгон министрдин орун басары Лунара Мамытова айрым массалык маалымат каражаттарына чындыгында министрликте коррупция бар экенин айтып, аны чечүүгө мурдагы министр жол бербегинин айтып чыкты. Кызматта отурган учурда ага да карапайым элден  кайрылуу көп келип, бирок министр ага уруксат бербей койгон учурлары менен бөлүшкөн.

Эске салсак, Социалдык өнүгүү министрлигиндеги жетекчилердин отставкасына диппаспортту максатсыз колдонуу, чет өлкөгө болгон сапарлар себеп болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM