Биз менен байланышыңыз

Дүрбөлөңгө салган “48 саатка жогол» оюну

Коом | 28 Фев 2019 | 1791 | 0

Акыркы маалда окуучулар арасында “48 саатка жогол” аттуу виртуалдык оюну тарап жатат. Мындай маалыматты Ички иштер министрлиги билдирүүдө.  Мындан улам, Билим берүү жана илим министрлиги виртуалдык оюндун кесепеттери тууралуу окуучуларга жана ата-энелерге түшүндүрмө берүүнү баардык мектеп жетекчилигине тапшырды.

Өспүрүмдөр арасында коркунуч жараткан оюндар буга чейин да катталып келген. Айтсак «Момо», «Көк кит”сыяктуу виртуалдык оюндарга азгырылгандар болгон. Эми дагы “48 саатка жогол” жаңы аталыштагы виртуалдык оюну социалдык сайттарга тарап, дүрбөлөң салууда.

Ал арада оюнга алдын ала тыюу салуу боюнча мектептерде ата-энелер, окуучулар үчүн атайын чогулуштар өтүлүп жатканы тууралуу Билим берүү министринин басма сөз катчысы Айзура Чыкынова “Маралга” кабарлады.

-Билим берүү жана илим министрлиги райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө социалдык тармактагы “48 саатка жогол”  деген оюн боюнча мектептерде ата-энелерге, окуучуларга чогулуштар уюштурулуп, атайын сабактар өтүүнү тапшырды. Ошондой эле мектеп жашына жете элек балдар менен иш алып баруу кызматынын инспекторлору сабак учурунда көзөмөлдөө кызматташууну күчөтүүнү, окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Аталган оюн чет мамлекетте гана таралып жатканын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Марат Кудаяров айтты. Анын билдиришинче, “48 саатка жогол” оюну боюнча жоголгондор өлкөдө каттала элек.

-Азырынча аталган оюн боюнча фактылар жок. Бизден кеткен кат боюнча эле эл дүрбөлөң жаратууда. Бул оюн Кыргызстанда эмес, башка мамлекетте пайда болгон. Ошонун негизинде ИИББ тарабынан кат даярдалып, Билим берүү башкармалыгына маалымат ирээтинде жөнөтүлгөн. Аны менен катар жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциялар тарабынан  алдын алуу жумуштар жүргүзүлүп, ар бир жоголгон факты боюнча кылдаттык менен иш алып барып, жоголгон балдарды тез аранын ичинде таап берүү аракети жүргүзүлүүдө.

Бишкектин тургуну Кундуз Жаныбекова бул кабарды уккандан бери тынчы кете баштады. Анткени кызынын мектеби үйдөн бир топ алыс болгондуктан, кызына аргасыздан телефон сатып берген. Бирок эртеден кечке кызы интернеттен эмнени көрүп, кандай оюн ойноп жатканын так билбейт.

-Кызымдын мектеби алыс. Ошондуктан телефон сатып берүүгө аргасыз болгонбуз. Азыркылар жөнөкөй дагы телефон көтөрүшпөйт, сөзсүз интернети, камерасы болуш керек. Мен дагы кечке жумуштамын. Кызым мектептен, үйдөн эмне көрүп, кандай оюн ойноп жатканын билбейм. Эстегенде карап коём, ачыгын айтканда, убактым деле жок. Мурун “Көк кит” деген оюн туурасында укканымда коркуп, текшерип карагам.

Психолог Перизат Асылбаеванын айтымында, балдарга үй-бүлөсүнүн мээрими аз болгон учурда турмуштук жашоодогу запкыларга дуушар болгондор кабылууда. Ошондуктан ата-энелерди балдарга жетиштүү деңгээлде көңүл бурууга чакырат.

-Кандай балдар ушундай жагдайга кабылат? Биринчиден, үй бүлөдө мээримдин аздыгынан запкы көрүшүүдө. Бала өзүн жалгыз, алсыз сезип ушундай оюндарга азгырылышы мүмкүн. Бирок психикалык жактан жакшы балдар мындай оюндарга барбайт дегенден да алысмын. Анткени өспүрүм курактын өзүнүн өзгөчөлүктөрү болот. Алсак, балдар каршы пикирди жаратканды жакшы көрүп, өзүлөрүн чоң сезгилери келет.

Кошумчалай кетсек, социалдык тармактарда тарап жаткан «48 саатка жогол» деген оюндун эрежеси төмөнкүдөй. Ага катышкан бала эч кимге айтпай эки суткага дайынсыз жоголушу керек. Оюндун максаты – адам өзүн издетип, көпчүлүктү кабатыр кылуу. Дайынсыз жоголгон адам жөнүндө канча көп айтылып, маалыматтар бөлүшүлсө, ага ошончолук көп упай берилери айтылат.

Эске салсак, Кыргызстанда 2019-жылдын эки айында өспүрүмдөрдүн жоголушу боюнча 99 факты катталган. Алардын 91и табылып, сегизи издөөдө жүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM