Биз менен байланышыңыз

Ниязалиева: Талкаланган министрликке кесипкөй жетекчи керек

Күн чекит | 16 Окт 2018 | 1241 | 0

Бүгүнкү күндө Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин, анын орун басарларынын орду бош турат. Азырынча бул кызмат орундарына талапкер көрсөтүлө элек. Ал ортодо коомчулук айрым адамдардын аттарын атап, министрликке сунуштап жатышат. Эксперттер болсо бул мекемеге жетекчини кылдаттык менен дайындоо керектигин эскертишүүдө. Себеби аталган мекемедеги башаламандык терең жайылган.

Ушул теманын айланасында социалдык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мурунку вице-премьер министри Дамира Ниязалиева менен «Күн чекит» программасында маек курдук.

Марал: Мындан бир канча жыл мурун Эмгек жана социалдык өнүгүү минитсрлиги агенттик эле, кийин анын статусу көтөрүлдү, андан бери өзгөрүү болдубу?

Дамира Ниязалиева: Агенттиктин министрлик болуп түзүлүшүнө убагында мен көп салымымды кошком. Анткени бул тармак эң көйгөйлүү болгондуктан, анын статусун көтөрүү керек болчу. Министр болгон аты болсо элдин көйгөйү чечилет деген жакшы ниет менен ушундай кадамга барганбыз. Андан бери 8 жыл өттү, бирок, тилекке каршы, баягы эле 2009-жылдагы туура эмес жасалган реформа кайра былтыр кабыл алынган. Ал критерийлер – жакырчылыкта жашаган үй-бүлөнү аныктоо критерийлери жөнүндө болуп жатат. Ошондуктан да элдин толкундоолору башталган. Ошол себептен да тоолуу аймакта жашаган калк жеңилдиктерди ала албай калган. Эми азыр мурунку каталарды кайталабаш учун бул тармакты чыны менен түшүнгөн киши керек болуп жатат.

Марал: Эми ушул маселеге келсек, министрликке кандай жетекчи керек?

Дамира Ниязалиева: Социалдык маселелер менен көптөн бери иштеген, керек болсо мыйзамдардагы өзгөчөлүктөрдү билген, өзүнүн стратегиясы бар жетекчи керек. Анткени убакыт өтө тар. Акыркы жылдары жасалган реформалар бир топ убакытка туруп калды, аны тез арада ишке ашыруу керек.

Сөзсүз эле менеджер болушу керек эмес, эң негизгиси бул тармакты билген, элдин социалдык абалын түшүнгөн жетекчи болсо жакшы болмок. Анын үстүнө азыр орун басарларынын баары иштен алынды. Ошондуктан бул кызматка абдан кесипкөй адам керек. Азыр мындай кадрлар бар, болгону туура тандоо зарыл. Эгер башка министрлерди тандоо критерийи менен тандасак, тагыраагы, тигил партиядан же тааныш-билиш болуп кетсе, анда коомчулукта дагы бир «жарылууга» алып келет.

Copyright © 2017 Maral FM