Биз менен байланышыңыз

Быйыл Кыргызстандан 1619 адам депортацияланган

Кыска кабар | 16 Окт 2018 | 1137 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 9 айы аралыгында Кыргызстандан 1619 адам депортацияланган. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул аралыкта чек арадан 16 млн 203 миң адам өткөрүлгөн. Чек ара кызматкерлери 4 миң 501 жарандын документтеринен кемчиликтерди аныктап, анын арасынан 1619 адамды депортация кылган.

Ошондой эле, мамлекеттик чек ара кызматы 9 айдын ичинде компетенттик, соттук жана укук коргоо органдарынын 9 миң 900 оперативдүү тапшырмаларын аткарган.

Copyright © 2017 Maral FM