Биз менен байланышыңыз

Чеченстан-Ингушетия чек арасы боюнча келишим күчүнө кирди

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Окт 2018 | 772 | 0

Чеченстан-Ингушетия ортосундагы мамлекеттик чек араны бөлүштүрүп тактаган келишим күчүнө кирди. Бул тууралуу чечен парламентинин спикери Магомед Даудов өзүнүн социалдык баракчасына билдирди.

Магомедовдун айтымында, чек араны тактоо бир тууган эки элди алыстатпайт, тескерисинче, мындан аркы коомдук-экономикалык интеграциянын күчөшүнө себеп болот. Учурдагы президенттер тагдырды өзгөртүүчү маанилүү кадамга барышканын айткан спикер экөөнө ыраазычылыгын билдирди.

Сентябрь айынын аягында эки федералдык республиканын башчылары Евкуров менен Кадыров талаштуу болуп келген чек араны тактаган келишимге кол койгон. Тараптардын парламенттери келишимди ратификациялашкан.

Келишим боюнча кээ бир аймактар Ингушетияга кошулган болсо, кээ бири Чеченстандын карамагына өткөн. Байыртан ингуш элинин жери деп билинген аймактардын көпчүлүгүнүн каршы тарапка өтүп кетүүсүнө нааразы болгон ингушетиялыктар нааразылык акциясына чыгышты.

Кошумчалай кетсек, эки өлкөнүн чек арасы жүздөгөн жылдардан бери такталбай келет. Чечен-ингуш автономиялык ССРинин курамында турган кезде 1990-жылдары чек ара бөлүштүрүлгөн. Бул жолу андагы чек арага өзгөртүүлөр киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM