Биз менен байланышыңыз

Бахрейн соту террористтерге өмүр бою түрмө жазасын берди

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Окт 2018 | 717 | 0

Бахрейн соту өткөн жылы өлкөдөгү мунай өтмөктөрүн жардырган жети шектүүнү камакка алды. Алардын бешөө өмүр бою түрмө жазасына тартылса, калган экөө 10 жана 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Al JAzeera маалымдады.

Бахрейн соту кармалгандарды террорист деп атап, аларды жарандыгынан да ажыратты. Алар Бахрейнде бийликке каршы нааразылык акциясын уюштурган шииттик топтун мүчөлөрү экени аныкталган. Өлкө бийлигинин айтымында мамлекетте башаламандык уюштургусу келген топтун артында Иран бийлиги турат. Башка Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттер сыяктуу эле Бахрейнде да шиит-суннит ажырымын тутантып, согуштук абал жаратууга аракет кылышууда.

Кошумчалай кетсек, 2011-жылы Бахрейнде чыккан шииттик козголоңчулардын тополоңунан кийин бийлик жүздөгөн адамды түрмөгө камап, жарандыгынан ажыраткан. 2017-жылы шектелген шииттер Бахрейн-Сауд Аравиясынын мунай түзүмдөрүн бириктирген өтмөктү жардырып, чоң жоготууга себеп болушкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM