Биз менен байланышыңыз

Турдубекова:»Мектеп рекеттеринин ата-энесин да жазага тартыш керек»

Күн чабыт | 15 Окт 2018 | 1250 | 0

12-октябрда Бишкектеги 47-мектептин 8-классынын окуучусун 9-класстын эки окуучусу сабаганы маалым болгон. Жогорку класстын балдары андан акча талап кылып, башы чайкалып, тиштери сынып, оозу жырылып кеткенче сабашкан. Бул маселени мэр Азиз Суракматов менен вице-мэр Асел Куламбаева да көз жаздымында калтырбай, ооруканадагы окуучунун туугандары менен жолугуп, өспүрүмдөн кабар алган. Калаа башчысы мектептеги тартипке өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор дагы көз салышы керектигин айтып, карабай койгон үчүн алар да жооп берерин билдирген. “Мектептеги чоң муштумдар эмнеге токтобой жатат?” деген суроонун айланасында Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси, укук коргоочу Назгүл Турдубекова менен маектештик.

-Мектептеги рекетчиликтин токтобой жатышына эмне себеп болууда?

-«Мектеп рэкетчилиги» деген чоң көйгөйдү көрүп, кантип токтотобуз деген суроого жооп изделип, анын алкагында атайын программа да иштеп чыкканбыз. Бул көйгөй тууралуу баары билет жана мойнуна алат. Ошондуктан былтыр 10 жылга белгиленген балдарды зордук-зомбулуктан коргоо программасын сунуштаганбыз. Аны 38 мектепке сынамык түрүндө киргизгенбиз. Бул жерде мектеп башында турган директор, аймактык тескөөчү, алардан жогору турган көзөмөлдөөчү органдар мектептин ички-тышкы абалын изилдеп чыгып, ошого жараша кемчилитерди жоюу, сунуш-пикирлер менен алга жылуу жолдору каралган. Мына ошол мектептерде “рекетчилик” 50%га чейин азайып, жакшы жыйынтык берген. Ошол программаны жакшыраак иштетиш керек.

-Жогорудагы окуяга мектеп жетекчилиги, жаш өспүрүмдөр менен иш алып барган тескөөчүлөрдүн да жоопкечилиги каралышы керекпи?

лгач баалоо, териштирүү керек. Балким ал жактагы тарбия, окутуулар ошол эле жаш өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекторлордун иши жакшы жагынан келе жаткандыр. Эгер чындап эле талапка жооп бере тургандай иш алып барышпаса, анда алардын да жоопкерчилигин караш керек. Аны ошол териштирген орган карап бир чечимге келет го.

-Бир окуя ачыкка чыгып жатат. Көмүскөдө абал кандай экени  белгилүү. Балким, жазаны каталдантуу керектир…

-Бул жерден баланы камап, катуу жазага тартуу менен маселе чечилип калбайт. Анда экинчи баланын өмүрү, тагдыры талкаланат. Эң жакшысы, профилактикалык иштер жакшырак жүрүшү шарт. Ошондой эле аларды тарбиялап жаткан ата-энелер да четте калбашы абзел. Алар да балдары үчүн жоопко тартылышы шарт.

-Маегиңизге рахмат. 

Мектеп окуучусунун сабалгандыгы тууралуу факты боюнча кылмыш иши козголду

Copyright © 2017 Maral FM