Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы качан жылуулук берилерин айтты

Кыска кабар | 15 Окт 2018 | 816 | 0

Эгерде эки күн аралыгында абанын температурасынын кескин төмөндөшү байкалса, анда 17-октябрь күнү жылуулук берүү боюнча чечим кабыл алынат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, кызматкерлер бүгүн жана эртең аба ырайын байкап, суу түтүктөрүнүн абалы менен таанышып чыгышат. Азыркы тапта “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын 65 казан меши жылуулук берүүгө даяр турат.

Эскерте кетсек, мэрия сырттагы абанын орточо суткалык температурасы беш күн бою +8˚С болгондо жылуулук бериле баштарын айткан.

Бүгүн, 15-октябрда борбордо абанын температурасы +5 ˚С градуска чейин төмөндөгөн.

Copyright © 2017 Maral FM