Биз менен байланышыңыз

Кайрат Осмоналиев дипломатиялык рангынан ажыратылды

Кыска кабар | 15 Окт 2018 | 625 | 0

Тышкы иштер министрлиги Дипломатиялык академиянын мурунку проректору Кайрат Осмоналиевди дипломатиялык рангынан ажыратты.

Мекеменин маалыматында, Осмоналиевге 2011-жылы 24-октябрда “2-класстагы кеңешчи” рангын берүү буйругун чыгаруу мыйзам бузуулар менен коштолгон.

Президенттин 2007-жылдагы буйругу боюнча мамлекеттик кызматтардын реестринде проректор кызматы катталган эмес.

Белгилей кетсек, учурда Кайрат Осмоналиев Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү.

Copyright © 2017 Maral FM