Биз менен байланышыңыз

Түркия америкалык пастерди бошотту. Эми АКШ Ф.Гүленди береби?

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Окт 2018 | 750 | 0

2016-жылдан бери Түркияда камакта олтурган христиан пастери Эндрю Брансон боштондукка чыгып, Америкага кайтты. Бул тууралуу BBC жазды.

Ал 20 жылдан бери Түркияда Эвангелисттик чиркөөнүн миссионердик кызматын аткарып жүргөн.  Ак үйдө Трамп менен жолугуп, анын алдында тизе бүгүп ыраазычылык билдирди. Анын пикиринде түрмөдөн эрте бошонуусуна президенттин таасири роль ойноду.

Ал эми Трамп: “Түрк бийлигинин бул кадамы кубантты. Ыраазычык билдиребиз. Эми мындан ары Түркия менен мамилебиз өтө жакшы нукка бурулат деп ойлойм”,-деп билдирди.

Эске сала кетсек, 2016-жылдын июль айында уюштурулган аскердик төңкөрүш аракетинен кийин Эрдоган режими жүз миңдеген жарандар менен бирге америкалык пастер Эндрю Брансонду да камаган. Алар Брансонду төңөрүштүн артында турат деп күнөөлөп жатышкан дин аалымы Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деген жүйө менен кармашкан.

Пастерди бошотуу аракетинен майнап чыкпаган соң, АКШ Түркияга экономикалык санкцияларды киргизе баштаган. Эң ириде Түркиядан алынчу темир менен алюминийге салык төлөмдөрүн арттырып, бул түрк лирасынын болуп көрбөгөндөй кунун жоготуусуна алып келди.

Андан кийин Туркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлу менен Юстиция министри Абдулхамит Гүлгө пастерди камоого тиешеси бар деген негизде санкция киргизген. Буга жооп кылып Түркия тарап долларга жана америкалык электроника товарларына санкция киргизүү ниетин билдирип, бирок аракетинен майнап чыккан жок.

Алар Брансонду Америкада 1999-жылдан бери жашаган Фетхуллах Гүленге айырбаштоону сунуш кылышканда АКШ тарап мындан баш тарткан. Гүлендин кандайдыр бир террордук иш-аракетке катыштыгы тууралуу далилдин жоктугуна байланыштуу аны экстрадациялоо мүмкүн эмес экендигин билдиришкен.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM