Биз менен байланышыңыз

Жамангулов: Элчи мамлекеттин аброюна шек келтирди

Пикирлер | 15 Окт 2018 | 631 | 0

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султандын башпаанек сураганы мамлекеттин оброюна шек келтирди. Ички иштерибизди өкмөт, министрлик ичинде чечиле турган маселелерди эл аралык аренага чыгарып салдык. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мындай маселелер ТИМдеги баш аламандыктан улам болуп жатат.

«Жумушта ар кандай нерсе болот. Бир нерсе жакпай калса эле маалымат жыйынын өткөргөнү,  «саясий куугунтук» дегени туура эмес. Кылычбек Султан саясатчы эмес, ал аткаруу бийлигинин адамы. Ага кылмыш иши козголо элек. Бул нерселер ТИМге жакшы сабак болушу зарыл», — дейт Жамангулов.

Ал президенттин Коопсуздук кеңешинин чечимин колдоп, элчи менен Тышкы иштер министрин кызматтан алгандыгынын жакшы жана жаман жактарын айтып өттү.

«

Биринчиден, элчиликте, ТИМде болуп жаткан ызы-чуулардын ачыкка чыкканы жакшы көрүнүш. Экинчиден, дипломаттар барбаганы үчүн ушундай нерселер чыгып жатат. Элчилер кесипкөй болбогону ачык көрүнүүдө. Канчалаган дипломаттар эл аралык тажрыйбасы жок, же тил же мамлекеттин тарыхын билбей, элчилик боюнча түшүнүгү жок эле кызматка бара жатышат», — дейт эл өкүлү.

Жамангулов буга кошумча учурда тажрыйбасы жок элчилер дагы эле кызматта отурганын белгиледи.

Эске салсак, 12-октябрда Эрлан Абдылдаев Тышкы иштер министри кызматынан жана өлкөнүн Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан ээлеген кызматынан алынган болчу.

Жамангулов: Абдылдаев саясатка аралашпай жакшы иштеди

Copyright © 2017 Maral FM