Биз менен байланышыңыз

Жамангулов: Абдылдаев саясатка аралашпай жакшы иштеди

Пикирлер | 15 Окт 2018 | 585 | 0

Мурдагы Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев милдетин так аткарып, саясатка аралашпай жакшы иштеди. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, министрлер кеминде 10 жыл иштеши керек.

«Туруктуулук болушу керек. Эми Тышкы иштер министрлигине ким келерин чечип алуу зарыл. Баарын карап чыгыш керек. Министрди шайлап алган соң элчинин маселеси чечилет», — дейт эл өкүлү.

Эске салсак, 12-октябрда Эрлан Абдылдаев өзү жазган арызынын негизинде кызматтан кеткен. Ал 6 жыл бою Тышкы иштер министри кызматын аркалап келген.

Тышкы иштер министрлигине талапкер катары эки дипломаттын аты аталууда

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM