Биз менен байланышыңыз

Ереванда актер Айк Марутян мэр болду

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Окт 2018 | 776 | 0

Армениянын борбору Ереван жаңы мэрлүү болду. Ага мурдагы белгилүү актер Айк Марутян шайланды. Бул тууралуу “Мир24” сайты жазып чыкты.

13-октябрда өткөн шайлоодо “Менин кадамым” партиясынын атынан талапкерлигин койгон актерду шайлоочулардын көпчүлүгү колдошту. Ал шаар башчысынын кызматына киришкендеги биринчи иши мурунку администрациянын кабыл алган бюджетин дээрлик 5 эсеге кыскартты.

Эске сала кетсек, Айк Марутян буга чейин актуалдуу маселелерди камтыган бир топ фильмдерде роль аткарган. Атактуу актер ушул жылы апрель айындагы Армениядагы “жоогазын төңкөрүшүндө” өкмөт башчы Никол Пашинян менен бирге каршылык акцияларына катышкан.

“Менин кадамым” партиясын жетектеп чыккан  талапкер Еревандын 12-мэри болуп калды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM