Биз менен байланышыңыз

Жамангулов: Кадрлар туура эмес тандалып жатканы көрүнүп жатат

Пикирлер | 15 Окт 2018 | 731 | 0

«Бир гана Тышкы иштер министрлигинде эмес башка министрликтерде дагы кадрлар туура эмес тандалып жатканы көрүнүп турат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Эл өкүлү 3 жыл аралыгында фракциянын квотасы менен эч ким элчи болуп дайындалбаганын айтат.

«Мен депутат болгондон бери фракциянын квотасы менен бир да адам элчи болгон жок. Америкадагы элчибиз боюнча да ызы-чуу болду. Биз тышкы саясатка кийлигише албайбыз. Аны президент, президенттин аппараты жүргүзөт», — дейт Жамангулов.

Ал буга кошумча, бардык элчилер иштебей жатат дегенден алыс болгонун айтып, иштин саясатын билген дипломаттар дагы бар экенин белгиледи.

«Жакында кесипкөй адис Казакстанга элчи болуп дайындалды. Кытайда да кадрдык дипломат отурат. Элчилер ТИМге, президенттин аппаратына, Жогорку Кеңешке отчёт берет. Кылычбек Султандын ишмердүүлүгүнө да тийиштүү органдар баа берсе жакшы болот», — дейт эл өкүлү.

Эске салсак, 12-октябрда Эрлан Абдылдаев Тышкы иштер министри кызматынан жана өлкөнүн Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан ээлеген кызматынан алынган.  Буга чейин Кылычбек Султан аталган министрликте мыйзам бузуулар катталып жатканын айтып чыккан. Анын негизинде Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы иликтөө жүргүзүп, министрликте кадр дайындоодо одоно кемчиликтерди аныктаган. Ал эми элчи Кылычбек Султандын Малайзиядагы жана Түштүк Кореядагы дипломатиялык миссияны жетектеп турган мезгилде мыйзамды бузгандыгы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM