Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 3 жылда 47 адам сатуу фактысы катталган

Кыска кабар | 14 Окт 2018 | 817 | 0

2014-2017-жылдар аралыгында Кыргызстанда адам сатуу боюнча 47 факты катталган. Мындай маалыматты Ички иштер министринин кеңешчиси Асел Осмонова айтты.

Маалыматка ылайык, алардын 28 факты бала сатуу болгон. Адам сатууга каршы аталган мекеме профилактикалык иштерди жүргүзүп жатат. Ошондой эле 2017-2020-жылдар аралыгында ишке ашырылчу программа да кабыл алынган. Анын алкагында ар багыттагы операциялар, өспүрүмдөргө жана элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү каралган.

Copyright © 2017 Maral FM