Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп шектелген жаран кармалды

Кыска кабар | 14 Окт 2018 | 632 | 0

Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө 35 жаштагы жаран кайрылган. Ал 26-сентябрда түнү белгисиз жаран себепсиз эле сабап кеткенин айтып, арыз жазган.

Анын негизинде издөө иштери жүрүп, 1988 жылы туулган А.А. аттуу жаран шектелип, колго түшүрүлгөн. Ал мурда соттолгону да кабарланган. Учурда ал Чолпон-Ата шаарынын убактылуу кармоочу жайында жана тергөө иштери уланып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM