Биз менен байланышыңыз

Байконурдан учкан ракета кырсыкка учурады

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Окт 2018 | 1061 | 0

Казакстандын Байконур космодромунан учкан “Союз” ракетасы 2 мүнөттөн кийин аварияга учурады. Бул тууралуу Роскосмостун маалымат кызматы билдирди.

Космос кемеси кыймылга келип көтөрүлгөндөн эки мүнөт өтпөй авариялык системасы ишке киришип, кеме талкаланып, парашютту коё берген. Ичииндеги америкалык космонавт Ник Хейг жана орусиялык космонавт Алексей Овчинин, бактыга жараша, аман калышты.

Аварияга дуушар болгон “Союзду” “Роскосмостун” башкы директору Димитрий Рогозин менен НАСАнын жетекчиси Жим Брайденстайн көзөмөлдөп турушкан.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги космос кемесинин сыныктары Казакстандын Жезказган районунан 30-50 км узак жерге түшкөнүн кабарлады.

“Союз” ракеталарды өндүрүүчү “Энергия” заводунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналып учурулган болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM